• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков «CASA-1000» Саммитине катышуу үчүн Тажикстанга келди

Өкмөт 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуу үчүн Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына келди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Душанбе» эл аралык аба майданынан Өкмөт башчысын Тажикстандын Вице-премьер-министри Азим Иброхим тосуп алды.

Мындан тышкары, «CASA-1000» энергетикалык долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани жана Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий