• 88.68
  • 95
  • 0.95

#Greenchallenge. Бишкекте бир бакты сугар акциясы башталды

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бишкекте бир бакты сугар акциясы башталды.

Бишкек мэриясы шаардыктардан мүмкүн болушунча үйлөрүнүн жанында өсүп турган бакты, көчөттү, бадалды сугарганга аракет кылууну суранат. “Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана биз сүйүктүү борборубузду өнүктүрө алабыз. Шаарыбыздын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуңуз!”, - деп кайрылышты ведомстводон.

Белгиленгендей, борбор калаанын төрт акимиаты, Бишкек шаарынын мэриясынын бардык кызматтары бардык күч-аракеттерин шаарды жашылдандырууга, сугарууга жумшоодо.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергенов КР Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин директору А.Сокеев менен суунун көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кийинки жумадан баштап сугат суулары Чүй суусунан суу тартышка чейинкидей агып баштайт.

“Урматтуу шаардыктар! Жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечки саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлүшү керектигин эскертебиз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий