• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ өлкө аймагында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. 21-26-ноябрь күндөрү Ички иштер министрлиги өлкө аймагында диний экстремизмдижана терроризмди алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иштери ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын демилгеси менен “Борбордук Азиянын Евразия фонду” коомдук фондунун колдоосунда Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын райондорундагы, шаарларындагы Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү болгон аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитеттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана башка жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “КРдагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр жана жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, “Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” темаларында атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар берилүүдө.

Ошондой эле катышуучуларга экстремизм жана терроризм багытында даярдалган атайын буклеттер, эстеткичтер таратылууда.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, алдын алуу боюнча иш-чараларды жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү коомдук алдын алуу борборлору менен бирге жүргүзүү абзелдигин талкуулашты.

Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу жатындагы мыйзамдуу так маалымат алуу жана малымдоо булактары көргөзүлдү.

Белгилей кетсек, коомчулук үчүн маанилүү болгон бул иш-чаралар КР өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий