• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гүлнара Баатырова: Медициналык-соцэксперттик комиссиялар толугу менен реформаланат

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова республикадагы МСЭКтин жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешме министрликтин коррупция менен күрөшүү иштери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Т. Шаршеевдин катышуусунда өттү.

Министр коомдо медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишине нааразычылык бар экенин белгилеп, коррупциялык схемалардын кайталанышына жол бербөө чараларын билдирди.

"Бүгүнкү күндөн баштап медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга көзөмөл күчөтүлөт. Бардык жерге видеокамералар орнотулуп, жаңы жылга чейин ишеним телефондору иштей баштайт. МСЭКтин майыптарды дайындоо боюнча ишин текшерүү күчөтүлөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген бир дагы жаран комиссиялардын кароосуз калганын сезбеши керек. Коррупция аныкталса, укук коргоо органдарын тартабыз", - деди Гүлнара Баатырова.

Министр МСЭК системасы толугу менен реформалана турганын билдирди.

"Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары биринчи орунда болушу керек, «коррупция жок» принциби менен иштебеген жетекчилерге жана кызматкерлерге орун жок", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий