• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Цирктин имаратында иштеген казино: Оюн столдору алынып, экспертиза дайындалды

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин имаратында табылган казино боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, окуя ижарага берилген цирктин имаратында болгон.

“Казино табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөндө тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан оюн-зоок столдору алып келинген. Учурда экспертиза жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгында аталган факты аныкталса, кылмыш иши козголот. Ошондой эле ижара келишими токтотулат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, интернет желесинде цирктин имаратынын бир бөлмөсүндө жашыруун оюн-зоок столдору тартылган видео тараган.

Пикир

Оставить комментарий