• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 12-июнда Мединага жөнөп кетишет

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 12-июнда Мединага жөнөп кетишет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп бармакчы.

Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Аравияга жөнөп кетишет. Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий