• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түлөбаев жол кирени этап-этабы менен көтөрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгына жол кирени этап-этабы менен көтөрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршруттук каттамдарын жол кире акысы тууралуу долбоор экспертизадан, анализинен өтүп, адистештирилген комиссиянын корутундусу чыгышы керек.

Эң маанилүү маселе жарандар тарабынан коомдук талкууда каралышы керек.

Эскерте кетсек, Бүгүн, 18-январда айрым маршрутканын айдоочулары линияга чыкпагандыгына байланыштуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасаган.

Пикир

Оставить комментарий