• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Жогорку сотунун төрагасы Европа Биримдиги Программасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын өкүлдөрү - электрондук сот адилеттиги жана сот башкаруу программасынын негизги эксперти Кристоф Копецки жана аталган Программанын эксперти Талантбек кызы Мээрим менен жолугушту. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Шабыев катышты.

Тараптар биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалын талкуулашты, атап айтканда, бекитилген формаларга ылайык статистикалык отчеттуулукту алуу мүмкүнчүлүгүн караган «Сот» АМС блогун тез арада бүткөрүү маселеси боюнча пикир алышты.

Жыйындын жүрүшүндө айрым актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору иштелип чыкты.

Жолугушуунун катышуучулары ушул жылдын соңуна чейин Программанын аткарылышы аяктап жаткандыгын эске алып, коюлган милдеттерди ишке ашырууну тездетүү жана орун алган кемчиликтерди жоюу зарылдыгын белгилешти.

Жыйындын соңунда жакынкы аралыкта «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесине эксперттик жардам көрсөтүү туурасында макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий