• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Жусуп Абдрахманов тууралуу тартылган тарыхый-документалдуу тасманын бет ачары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Эртең, 15-апрелде, саат 17:00дө Мамлекеттик тарых музейинде «Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү» аттуу тарыхый-документалдуу кино тасмасынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тасманын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер Асан Ормушев жазган. Фильмдин режиссеру Мырзабек Айдаралиев

Бул тасмада биринчи жолу тарыхый документтердин негизинде Ж. Абдрахмановдун ата теги, уялаш бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учурлары чагылдырылган.

Ошондой эле Алматыдагы, Москвадагы, Оренбургдагы, Самарадагы архивдеги документтердин негизинде Ж. Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн.

Аталган тасмада белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер Ж. Абдрахманов жөнүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин кеңири билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий