• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" университетинде Салттуу спорт оюндары майданы ачылды

Маданият 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Кечээ, 15-июнда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Салттуу спорт оюндары майданы ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР маданият министри Азамат Жаманкулов жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Майдан "Манас" университети тарабынан курулуп, атайын эки элдин достугун бекемдеген жана улуттук спортту жайылтууга кызмат кылаарын белгиленди.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө улуттук оюндун түрлөрү көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий