• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү. Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.02.20./Кабар/. 10-12-февралда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: 10-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-12-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-11-февралда жана 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий