• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Субанбеков: Алмазбек Атамбаев баштаган иштерди жаңы президент аягына чыгарышы керек

Коом 0

Бакирдин Субанбеков, ЖК депутаты, “Бир Бол” фракциясы: “Алмазбек Атамбаев баштаган иштерди жаңы президент аягына чыгарышы керек”

- Соңку жылдары өлкөбүздө жүз берген жакшы саамалыктар боюнча аксакал катары калыс кебиңизди айта аласызбы?

- Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери электр энергияга карата көйгөйлөр жаралып, керек болсо бул жагынан коңшу өлкөлөргө көзкаранды болуп келгенбиз. Акыркы жылдары бул тармакта абдан жакшы иштер жасалды. Кудайга шүгүр, эми энергетикадан эч кимге көзкаранды эмеспиз. Ошол эле жол маселеси боюнча да коңшуларыбызга, дегеле эч кимге көзкаранды болбой, бул жааттан эркин болуп калдык. Өзгөчө түштүк жергебиздеги Ош, Жалал-Абад, Баткендеги элибиз коңшу өлкөлөрүбүзгө ээн-эркин каттап, жакшы болуп калышты. Көгүлтүр от көйгөйү толугу менен чечилди. Стратегиялык мааниси бар түндүк-түштүк жолу курулуп, айтор, чеке жылыткан иштер болуп эле жатат. Мындай изги иштерди санасак бир топ эле болот.

- Мындай иштерде президенттин салымы барбы?

- Албетте, дал ушул президенттин тушунда жогорудагыдай жакшы иштер болуп жатат да. Эң негизгиси, элибизде тынчылык, өлкөбүздө стабилдүүлүк сакталууда. Мунун өзү жакшы жышаан. Муну да баалашыбыз керек.

- Келечектеги эл тарабынан шайланчу президент жогорудагы сиз атагандай жакшы иштерди улантышы керек деп эсептейсизби?

- Сөзсүз түрдө улантышы керек. Өзгөчө Атамбаевдин мөөнөтүндөгү башталган жакшы иштерди, айрым бүтпөй калган саамалыктарды келечектеги эл тарабынан шайланчу президент татыктуу түрдө улантып кетсе дээр элем.

Пикир

Оставить комментарий