• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө арналган иш-чара өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрь күнү Бишкек шаарында Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын ортосундагы толеранттуулуктуу жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө үндөгөн “Жаныңдагынын үнүн ук!” ураандын астында уюштурулган фестиваль-көргөзмөсү (ConFest) өткөрүлүүдө. Бул тууралуу КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

ConFest КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосунда иш жүргүзүп жаткан 16 диний уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Кыргызстан конфессиялар аралык кеңешинин мүчөлөрүн чогулткан.

"Бул иш-чаранын максаты диний уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана коомчулук ортосунда диалог курууга, өз ара байланышта иштөөгө аянтча түзүү болуп саналат. Иш-чара 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында, конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөөгө, ар кандай ишенимдерге жана дүйнө таанымдарга сый мамиле кылууга, адам укуктарына жана эркиндиктерине, толеранттуулук жана диний сабырдуулукка чакырган, радикализм, экстремизмди болтурбоого багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чарага КР мамлекеттик органдарынын жана диний уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышууда.

Иш-чара КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси (ЕККУ), Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий