• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Барыктабасов: Жер астынан алтын казуу — өндүрүштү өстүрүүгө шарт түзөт

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасовдун катышуусунда Кумтөр кен жайында алтынды жер астынан казып алуу долбоорун баштоого старт берилди.

Алмазбек Барыктабасов жер астынан алтын казуу ыкмасын колдонуу — ишкананын өндүрүмдүүлүгүн арттырууга багытталган эң маанилүү милдеттердин бири экенин баса белгиледи.

«Адистер тарабынан иштелип чыккан жер астынан алтын казуу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси анын экономикалык натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер астынан алтын казуу ыкмасын колдонуу менен 115 тонна алтын алууга болот. Кумтөр кен жайындагы ачык ыкма менен казылып алынган алтынды эсепке алганда, бул алдыга жасалган чоң кадам», – дейт Алмазбек Барыктабасов.

Жер астынан алтын казуу менен компания алтындын курамы жогору болгон рудаларга жетүүнү көздөөдө.

«Мунун баары ишканада өндүрүлгөн алтындын көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет. Натыйжада республикалык бюджетке салыктык чегерүүлөрдү жана жыл аягында дивиденд түрүндө төлөнүүчү суммаларды көбөйтөбүз. Бул дагы Кумтөр кенинен чыккан алтындын өлкөнүн кызыкчылыгына гана иштеп жатканынын дагы бир далили болот”, – дейт Алмазбек Барыктабасов.

Пикир

Оставить комментарий