• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Султанбаев Беларусь президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара бүгүн Минск шаарынын Эгемендүүлүк сарайында өткөн.

Салтанаттын жүрүшүндө Александр Лукашенко Кыргызстан Беларустун досу жана ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары өз ара сооданын көлөмү тынымсыз өсүүдө, бирок өлкөлөр бул тармакта дагы көп нерсеге жетише алышат.

Өз кезегинде элчи Эрбол Султанбаев каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламын айтты.

Пикир

Оставить комментарий