• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кийинки жылы Кыргызстан менен Венгрия дипмамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилейт

Саясат 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды, атап айтканда П.Сийярто Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаевди 2022-жылдын 10-февралында Будапештте өтө турган тышкы иштер министрлеринин «Вышеград тобу – Борбордук Азия» форматындагы кезектеги жолугушуусуна катышууга чакырды.

Ошондой эле венгер министри Сийярто 2022-жылдын апрель-май айларында Будапештте «Вышеград тобу – Түрк мамлекеттер уюму» форматында мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүү пландалганын билдирди.

Өз кезегинде КР тышкы иштер министри Казакбаев 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын билдирди.

Ушуга байланыштуу министр Казакбаев венгер кесиптешин 2022-жылы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий