• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айрым маршрутканын айдоочулары линияга чыккан жок. Балбак Түлөбаев үн катты

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 18-январда айрым маршрутканын айдоочулары линияга чыкпагандыгына байланыштуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Анын айтымында, жол акысын көтөрүүдө элдин абалына көз жүгүртүү керек.

"Маршрутка айдагандар силердин бүгүнкү көйгөйүңөрдү билебиз. Жети жылдан бери тарифти көтөргөн эмеспиз. Ошондуктан силер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Бирок бүгүн кээ бир маршруттук таксилер каттамга чыкпай жатат деген маалымат келип жатат. Сиздердин акыбалыңыздарды түшүнүп жатабыз, сиздер да элдин абалын түшүңүздөр. Пандемия, кризис, элдик толкундоолор болду. Дароо жол акыны көтөрүү туура эмес. Анын өзүнүн процедурасы бар. Тарифти элдин абалына жараша силер менен сүйлөшүп, көтөрүп бергенге даярбыз. Ага жок дегенде 1 – 1,5 ай керек", - дейт ал.

Түлөбаев Экономика министрлигинен анализ келгенде шаардык кеңеш тарифти карай турганын белгилейт.

"Апрель айындагы шайлоодо жаңы келген шаардык кеңеш бул ишти май айына чейин чечкенге аракет кылат. Сиздер каттамга чыкпасаңыздар башка маршруттук таксилерди киргизгенге мажбур болом. Андыктан баарыңыздар линияга чыккыла", - деди мэрдин милдети аткаруучу.

Пикир

Оставить комментарий