• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылга майыптыгы бар жарандар үчүн 9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. 2023-жылга майыптыгы бар жарандар үчүн 9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көлдө жыл сайын өтүүчү майыптыгы бар жарандардын жөө жүрүшүн ачып жатып билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, жөө жүрүш "Теңдик" коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Анын негизги максаты – Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата стереотиптерди жана стигманы азайтуу, алардын укуктарын жайылтуу жана коргоо.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миңмайыптыгы бар адам жашайт, анын 36 миңи балдар.

"Президент Садыр Жапаров элдин турмушун жакшыртууга, тейлөөнүн сапатына көңүл бурууда. 2021-2022-жылдары жөлөкпулдун өлчөмү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды караган ата-энелердин жеке жардамчыларына төлөм эки эсеге көбөйтүлдү. Анын натыйжасында үстүбүздөгү жылы ведомствонун бюджетине рекорддук 9,2 млрд сом бөлүндү. Каражат протездик буюмдарды, жабык коляскаларды жасоого, ден соолукту чыңдоо үчүн жолдомолор менен камсыздоого багытталган жөлөк пулдар жана компенсациялар түрүндө төлөнүп берилет. Алар мекеме тарабынан бекер берилет", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий