• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Айыл чарбасын каржылоо-8" программасы боюнча дыйкандарга 556,6 млн сом насыя берилди – Чодуев

Коом 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо-8" программасы боюнча дыйкан жана фермерлерге 556,6 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

"Айыл чарбасын каржылоо-8" программасы иштеп жатат. Бул ишке 3 банк тартылган: "Айыл Банк", "РСК Банк" "KICB" банктары. Бул күнгө чейин 556 млн 600 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Насыя "Айыл чарбасын каржылоо – Фермер", "Айыл чарбасын каржылоо – Кластер" жана башка тармактар боюнча берилип жатат. Ун чыгаруучу комбинаттарга 200 млн сом насыя берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий