• 88.68
  • 95
  • 0.95

9 айда "Газпром" тобунун салыктык чегерүүлөрү 5,3 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстандагы "Газпром" тобу боюнча салыктык төлөмдөрдүн көлөмү 2023-жылдын 9 айында 5 млрд 364 млн сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги төлөмдөрдүн көлөмүнө салыштырмалуу өсүш 45%ды түздү. 2022-жылы сумма 3 млрд 683 млн сомду түзгөн.

Компаниялардын ишмердигинин убагында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 71 млрд сомдон ашык каражат которулган, өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 42 млрд сомдон ашты.

Мындай суммалар компаниялар Кыргызстанда энергоресурс рыногунун ишенимдүү катышуучулары экенин тастыктайт, алар республикага мотор, авиациялык май-отундардын жана жаратылыш газынын туруктуу ташылышын камсыздайт.

Ошондой эле «Газпром» компаниялар тобу өлкөнүн экономикасынын башка секторлорунун өсүшүн өбөлгөлөйт, финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жигердүү катышат жана Кыргызстандын жашоочуларынын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында «Газпром» тобунун үч компаниясы иштейт:

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы — компаниянын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргыз Республикасынын аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле колдонуудагы газды транспорттоо системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат.

«Газпром нефть Азия» ЖЧКсы — ишкана республиканын аймагында мотор отун-майларын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.

«Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» ЖЧКсы — Кыргызстанга авиа отун-майын жеткирүү боюнча логистиканы ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий