• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

"Яндекс.Такси" Кыргызстандагы монополист компаниялардын тизмесине кирди

Экономика 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. "Яндекс.Такси.Корп" ЖЧКсы Кыргызстандын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин катарына кошту. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Реестрге үч компания кошулган.

  • "Яндекс.Такси.Корп" ЖЧКсы;
  • "ДОС ТЕК ГРУПП" (DOS TEK GROUP) ЖЧКсы;
  • "Universal Business Report" ЖЧКсы.

Мындан тышкары, реестрде айрым компаниялар рынокто үстөмдүк кылуучу позицияны ээлеген товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аталыштары такталган.

Эске салсак, монополисттердин катарына кирген компаниялар рынокто таза атаандаштыкты камсыздоого багытталган бир катар талаптарды аткарууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий