• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын ишкерлери Германияга тажрыйба алмашуу үчүн барышат

Экономика 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын ишкерлери Германияга тажрыйба алмашуу үчүн барышат. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган палатанын алдындагы Бизнес билим берүү борбору Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин программасына тандалган ишкерлер үчүн семинар өткөрдү.

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев катышуучуларга иш сапарынын ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалап, европалык кесиптештер менен тажрыйба алмашуунун жана инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Германия менен Кыргызстандын эксперттери логистикадан тарта меймандостукка чейин ар кандай тармактарга багытталган семинар өткөрүштү. Тандалган ишкерлер тобу Гамбургга андан ары тренинг жана бизнес жолугушууларды өткөрүү үчүн барышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ишкерлер инновациялык ишканаларга жана көргөзмөлөргө баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ошондой эле немис компаниялары менен бизнес байланыштарын түзүп, өз бизнесин өнүктүрүүнүн жаңы перспективаларын ачышат.

Пикир

Оставить комментарий