• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Москва – Тамчы” алгачкы сезондук аба каттамы 20-мартта аткарылат

Экономика 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. “Москва – Тамчы” алгачкы сезондук аба каттамы 20-мартта аткарылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 20-мартта алгачкы “Москва – Тамчы”, ал эми 21-мартта “Екатеринбург – Тамчы” чартердик рейс каттай баштайт.

Аба каттамдар Airbusтун заманбап учактары менен жүргүзүлөт.

“Урал авиалиния” ААК менен келишим боюнча Екатеринбург – Тамчы – Екатеринбург маршруту боюнча сезондук аба каттам ачылат. Жай мезгилинде Екатеринбургдан (Россия, Урал Федералдык округу) Бишкек жана Ош шаарларына аба каттамдарды көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүгү тууралуу макулдашуулар жетишилген.

Бул багыттардын ачылышы Ысык-Көлдө 2021-жылдын туристтик сезонун камсыздоодо чоң салым кошот.

Кечээ “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКтын башкы директору Бакыт Шаршеев жеке өзү “Ысык-Көл” аэропортунун Россиядан учактарды жана конокторду кабыл алууга даярдыгын текшерди.

Эскерте кетсек, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын жетекчилиги ата мекендик жана чет өлкөлүк жүргүнчүлөр үчүн шарттарды түзүү жана жаңы каттамдарды ачууга бардык күчүн жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий