• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финансы министрлиги: 9288 ишкерге 6,2 млрд сом пайызсыз насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. 2024-жылдын 1-мартына карата "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун жалпы суммасы 6 млрд 249 млн 25 миң 918 сомду түздү.

Финанасы министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыяны 9288 ишкер алды.

Алар:

  • 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 110 ишкерге 4 млрд 471 млн 987 миң 243 сом берилген;
  • 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1178 ишкерге 1 млрд 777 млн 38 миң 675 сом насыя берилди.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстанда бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий