• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Букада кен казган ишканадагы уурулук фактысынын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Ала-Бука милициясы кен казган ишканадагы уурулук фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБге район аймагында кен казуучу ишкананын юристи арыз менен кайрылган. Ал арызында 2024-жылдын 12-мартына караган түнү саат 01:00дөн 02:00гө чейинки убакытта кен казуучу ишкананын кампасынын 6 даана жез зым түрмөгүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген. Натыйжада кен казуучу ишканага 240 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул окуя Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ала-Бука районунун тургундары 1989-жылы туулган Ч.С., 1995-жылы туулган Ж.К. жана кен казган ишкананы кайтарып күзөттө турган жеке күзөт кызматынын 3 кызматкери 1980-жылы туулган Б.Г., 1985-жылы туулган К.К., 1997-жылы туулган Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жеке күзөт кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, аларды түнкү убакытта автоунаага салып посттон алып өтүп, уурулук фактысына көмөктөшкөндүгү аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий