• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Отурум жабырлануучу тараптын келбегендигине байланыштуу өткөн жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.20 /Кабар/. Бүгүн, 7-февраль күнү Бишкек шаардык сотунда борбордун мурунку мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча кайра кароо башталды.

Сот отуруму башталып, бирок жабырлануучу тараптын келбегендигине байланыштуу жыйын өткөн жок. Кийинки процесс 14-февралда өтөт.

Эскерте кетсек, Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынып, сот залынан бошотулган. Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айып пул салынып, сот залынан бошотулушкан.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А.га 303-берене ("Коррупция") боюнча айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий