• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте көк бөрү боюнча чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бишкекте 17-февралдан 22-февралга чейин көк бөрү боюнча өлкөнүн райондорунун командалары арасында жыйынтыктоочу чемпионат өтөт.

Көк-бөрү федерациясынан билдиришкендей, оюн “Ак-Кула” ат майданында өтөт. Башталышы саат 10:00дө

Чемпионатка төмөнкү командалар катышат:
1. Бишкек шаарынан Четинди;
2. Ош шаары;
3. Талас облусунан Талас району;
4. Чүй обоусунан Сокулук району;
5. Нарын облусунан Ак-Талаа району;
6. Ысык-Көлдөн Ак-Суу району;
7. Ош облусунан Кара-Кулжа району;
8. Жалал-Абаддан Сузак району;
9. Баткен облусунан Лейлек району.

Пикир

Оставить комментарий