• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футзал. Кыргызстандын улуттук курамасы "Мурас" клубунан жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 14.12.18./Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Ысык-Көлдүн “Мурас” командасына утулуп калды. Бул тууралуу футбол федерациясынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, кечээ Амиржан Мукановдун тайпасы “Мурас” тайпасына каршы контролдук матч өткөрдү.

Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктаган. Экинчи таймда “Мурастын” оюнчусу Алексей Азизов оюндун 35-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан. Өлкөнүн курама командасы артта калбай Адилет Култаев гол киргизип, эсепти теңеген.

Оюндун акыркы мүнөтүндө “Мурас” экинчи ирет гол киргизип, 2:1 эсебинде жеңип алган.

Кураманын машыктуруучусу Амиржан Муканов билдиргендей, “Мурас” командасы техникалык жана функционалдык жактан тең абдан жакшы даярданган экен.

“Бул оюнда биздин тапшырма жаңы талапкерлерди көрүп, эски атаандаштар менен жаңы байланыштарды орнотуу болгон. Негативдерге мен команданын жеңилдиги жок экендигин айта алам. Биз бир жумадан ашык тактикалык жактан машыкканбыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий