• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Журналисттер менен байланышты чектөөгө туура келүүдө. Тыныбекова пландары тууралуу айтып берди

Спорт 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону, атактуу кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова убактысынын баарын 2020-жылы Токиодо өтөт турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө жумшамакчы.

Бүгүн спортчу жана КРнын Күрөш федерациясынын жетекчилиги "Кабар" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, жакында Кытайда өткөн Азия биринчилиги жана алдыдагы пландары тууралуу айтып беришти.

"Алдыбызга максат койдук. Мен өлкө, эл, машыктыруучу, Федерация жана Агенттик алдындагы жоопкерчиликти сезип турам. Ошондуктан Лондон менен Риодогу Олимпиада оюндарынан соң, биз бүт убакытты кийинки оюндарга даярдык көрүүгө жумшайлы деп чечтик. Мен бүт убактымды спортко гана арноого даярмын", - деди ал.

Ал белгилегендей, Олимпиада оюндарына чейин өлкөнүн курамасы Дүйнө биринчилигине даярдануусу керек.

Мындан улам, машыгуудан тышкары иш-чаралар графиктен алаксыткандыктан ММК менен байланышты чектөөгө туура келүүдө.

Мындан тышкары, Тыныбекова спортчулар үчүн убада кылынган материалдык сыйлык эмес, өлкөнү чет жерде татыктуу көрсөтүү баарынан маанилүү экенин белгиледи.

"Бизге дайыма колдоо болуп келет. 2017-жылы Франциядагы Дүйнө биринчилигинде "коло" алгандан кийин Күрөш федерациясынын вице-президенти Динара Исаева мага белек - Toyota C-HR унаасын бергенин жарыя кылган эмесмин. Унаага отуруп жатып өзүмдүн эмгегимди түшүнүп, өлкө алдындагы милдетимди унутпайм", - деди ал.

Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты жана Күрөш федерациясынын вице-президенти Динара Исаева журналисттер айрым учурда спортчуларга терс таасир этиши мүмкүн экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында ММКлардын биринде Тыныбекова алтын медаль утту деген туура эмес маалымат жарыяланган. Аны уккандан кийин, спортчу өзүндө дагы чоң жоопкерчиликти сезип, ал анын күрөшүндө таасирин тийгизген. Эскерте кетсек, анда ал 5-орунду ээлеген.

Учурда спортчулар ушул жылдын сентябрь айында Казакстандын борбору Нур-Султанда өтө турган Дүйнө биринчилигине даярдык көрө баштаган.

"Ал жерде алдыдагы Олимпиада оюндарына лицензиялар ойнотулат. 1-5-орун алган спортчулар лицензия алышат", - деди күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков.

Белгилей кетсек, Сиань шаарында (Кыта) өткөн Азия биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова алтын утуп, Азия чемпиону болду. Ал эми, Мээрим Жумназарова коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий