• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бельгия курамасынын дарбазачысы футболкасын берүү үчүн кыргызстандык күйөрманды издеп жатат

Спорт 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Футбол боюнча Бельгия курамасынын дарбазачысы Симон Миньоле анын футболкасын сураган кыргызстандыкты издеп жатат. Миньоле өзүнүн Twitter баракчасына билдирүү жазып, “Миньоле сенин футболкаңды алсам болобу?” ( Mignolet can I have your T-shirt?) деген жазуусу бар чоң кагазды кармап турган жаш жигитти табууда жардам сураган.

Окуя кечээ Футбол чемпионатынын 1/8 финалында Бельгия менен Япониянын курама командалары беттешкен учурда 2нен 3-июлга караган түнү болгон. Оюндун жыйынтыгында Бельгиянын курамасы жеңишке жетишти.

Пикир

Оставить комментарий