• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар Индиядагы Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар Индияда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Азия чемпионаты 18-23-февралда Индиянын Нью-Дели шаарында өтөт.

Мелдешке Кыргызстандын атынан грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандар катышат. Ошондой эле күрөш боюнча кыз-келиндер арасында курама команда барат.

Белгилей кетсек, Индияда өтө турган Азия чемпионаты лицензиялык мелдеш болуп эсептелинбейт.

Пикир

Оставить комментарий