• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футбол: Кыргызстан – Өзбекстан жолдоштук беттеши эфирден көрсөтүлбөйт

Спорт 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы менен Өзбекстандын командасынын ортосундагы жолдоштук беттеш телеканалдардан чагылдырылбайт. Аны менен бирге интернет тармагында көрсөтүлбөөрүн tribuna.uz порталы билдирет.

Мындай демилгени Өзбекстандын курамасынын машыктыруучусу Вадим Абрамов көтөрүп чыккан. Ал башкы каршылашы болгон Сауд Аравиянын футбол жамааты Өзбекстандын футболдук ыкмасын көрүп-билүүсүн каалаган эмес.

Эки команданын жолдоштук беттешин бир гана "Пахтакор" стадионунан көрсө болот.

2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунда Өзбекстан D тайпасына туш келген. Ал тайпада Сауд Аравиянын командасы менен биринчи орунду талашып келүүдө.

Эскерте кетсек, оюн 9-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий