• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Трамп Климат боюнча Париж келишиминен чыгуу жараянын баштады

Дүйнө 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Климат боюнча Париж келишиминен чыгуу жараянын баштады. Бул өнөктүк бир жылга созулат жана 2020-жылы президенттик шайлоо өткөн күндүн эртеси аяктайт. Эгер Трамп шайлоодон утулуп калса, кийинки президент 30 күндүн ичинде келишимге кайтып келсе болот.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) бүгүн АКШдан Климат боюнча Париж келишиминен чыгуу боюнча атайын билдирүү алды. Бул тууралуу «РИА Новости» кабарлады.

Климат боюнча Париж келишимине 197 өлкө кол койгон. Документтин максаты – 2100-жылга чейин планетадагы орточо температураны индустриалдык доорго чейинки орто көрсөткүч деңгээлинен 2 Цельсий градустан ашырбоо. Келишим 2016-жылы 4-ноябрда күчүнө кирген. Келишимдин шарты боюнча бир дагы өлкө алгачкы үч жылда андан чыга албайт.

Климат боюнча келишимден чыгуу Трамптын шайлоо алдындагы берген убадаларынын бири. Ал келишим АКШ үчүн экономикалык жактан пайдасыз экенин, жумуш орундары кыскарып, айлык акы төмөндөй турганын билдирген. Анын айтымында, АКШ Париж келишиминин шарттарын аткарса, 2025-жылга карата үч миллион жумуш орунунан айрылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий