• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 60,6 млн сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек. 06.12.23./Кабар/. Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 60,6 млн сом суммасында 30 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар:

  • 6 мектепке – 10,3 млн сом;
  • 17 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 37,1 млн сом;
  • 4 маданий маанидеги объектиге – 9 млн сом;
  • 2 бала бакчага – 3,5 млн сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий