• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монголиянын "Bodio’s" кашемир фабрикасы Кыргызстандан өнөктөш издейт

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев "Bodio’s" кашемир фабрикасына барып, анын негиздөөчүсү жана жетекчиси Ж.Улзийбодижав менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө фабриканын жетекчиси анын өндүрүшүнүн топоз жана эчкинин мамысын кайра иштетүү, даяр кийимдерди чыгаруу жана аларды ийгиликтүү экспорттоо боюнча 30 жылдык тажрыйбасын белгиледи. Анын айтымында, фабриканын продукциясынын 60% Москва жана Новосибирск шаарларына экспорттолуп, ал жакта абдан популярдуу болот.

Өз кезегинде Артыкбаев жеңил өнөр жай жана текстиль тармагына адистешкен кыргызстандык ишкерлер Монголиядан кашемир азыктарын алып келүүгө, аны кайра иштетүүгө жана андан кийим чыгарууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, элчи өлкөнүн жагымдуу инвестициялык климаты, ийгиликтүү өнүгүп жаткан текстиль өнөр жайы жана Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында даяр текстиль продукциясын экспорттоо боюнча алдыңкы позициясы тууралуу маалымат берип, Кыргызстан ЕАЭБде өзгөчө чийки зат товарлар боюнча эң аз салык төлөгөн өлкө экенин баса белгиледи.

Элчи өлкөдөгү экономикалык абал жана анын жагымдуу инвестициялык климаты менен таанышуу үчүн фабриканын жетекчилигин үстүбүздөгү жылдын 27-29-октябрында Бишкекте өтө турган “Кыргызстан - Экспо 2023” эл аралык универсалдуу көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

"Bodio’s" фабрикасынын жетекчиси көргөзмөгө катышууга даярдыгын белгилеп, Кыргызстанда Bodio’s франшизасын ачууга кызыкдар өнөктөштөрдү издөө ийгиликтүү болоруна ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий