• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвадагы массалык мушташ. КРнын 15 жараны милицияга жеткирилген

Коом 0

Бишкек, 03.01.22. /Кабар/. Москва шаарындагы массалык мушташта Кыргыз Республикасынын 15 жараны милицияга жеткирилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январында Москва шаарынын түштүк-чыгышында КР жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташка байланыштуу ушул жылдын 2-январында элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана КР жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Россиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барышты.

"Азыркы учурда Москва полициясы менен өз ара аракеттенүү уланууда. Райондук милиция бөлүмүнө КРнын 15 жараны жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен КРнын бир жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү. Тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий