• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кур менен муунтуп, бычак менен коркутушкан. Аламүдүндө таксистти карактагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.01.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда таксистти кур менен муунтуп, бычак менен коркутуп карактап кетишкендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук жана Аламудүн райондук криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 1-январь күнү таксистке каракчылык кылууга шектелип үч жаран кармалышты.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 31-декабрь күнү болжол менен саат 02:00 чамаларында Бишкек шаарынан бейтааныш балдар такси чакыртышып, Аламүдүн районунун Восток айылына жеткирүүнү талап калышкан.

"Белгиленген жерге жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну коркутушуп, кур менен муунтушуп, уруп-согушуп, бычак менен коркутушуп, автоунаасын жогорудагы балдарга саткандыгы тууралуу тил кат жаздырып алышкан. Кийин айдоочунун колу-бутун байлашып, автоунааны жана айдоочунун телефонун алышып, окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кетишкени тууралуу айдоочу 2003-жылы туулган А.К. арыз менен кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестнрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Облустук жана райондук милициянын Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарынан 2002-жылы туулган К.Н., Н.Н. жана 2004-жылы туулган М.М. аттуулар кармалышкан.

Кармалган жарандар убактылуу каормоочу жайына кармалышып, кийин тергөө абагына камакка алынышкан.

Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында уурдалган автоунаа Ысык-Ата районунун аймагынан табылган. Шектүүлөр жогорудагы автоунааны ортомчу аркылуу сатууга аракет кылып жатышкан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылкууда.

Пикир

Оставить комментарий