• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Издөө! Токмокто 38 жаштагы Айгүл Жангирова дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Токмок шаарында дайынсыз жоголгон 38 жаштагы Айгүл Жангирова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматында айтылгандай, Жангирова 3-июль күнү Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165, чачы кара түстө жана далысына чейин, толук дене түзүлүштө, көзү күрөң.

Жангировада сары түстөгү көйнөк, штапель шым жана бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.

"Кимде ким Айгүл Жангированын кайда экендигин билген болсо, анда Токмок шаарындагы милициянын нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 60-73-63, 0(709) 07-21-56, 0(551) 10-27-53 номерлери аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий