• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эпидемиологиялык абал кооптуу. Баткен облусунда санитардык талаптар күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда бир күндө санитардык нормаларды сактабаган 24 ишканага айып салынып, 88 ишканага эскертүү берилди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облуста эпидемиологиялык абал кооптуу болуп жаткандыктан, санитардык норманы сактоо боюнча талаптар күчөтүлдү.

Күн мурун, 22-сентябрда Баткен облусунун бардык аймактарында, тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия рейд жүргүздү. Бир күндө облуста 135 обьект текшерилип, жергиликтүү бийлик жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 15 протокол түзүлүп, 29 миң сомго айыппул салынды, ал эми ички иштер органдары тарабынан 9 протокол түзүлүп, 27 миң сом айып салынды.

Санитардык норманы сактабаган 82 ишканага эскертүү берилди. Анын ичинде 2 жеке менчик балдар бакчасы да бар.

"Рейд учурунда калкка кызмат көрсөтүүчү соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар эле эмес, мамлекеттик мекеме ишканалар да текшерилди. Анткени акыркы күндөрү, бир мекемеде бир канча киши ооруган учурлар катталууда. Натыйжада санитардык талаптарды сактабаган ишканаларга, анын ичинде беткап кийбеген 9 кызматкерге, КР мыйзамынын 150-беренесинин негизинде 1000 сомдон айыппул салынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий