• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин м.а. кеңешчиси Айдарбеков иш сапар менен Москвага барып келди

Аймак 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Президенттин м.а. Садыр Жапаровдун стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков ушул жылдын 27-28-октябрында иш сапар менен Москвага барып келди.

Айдарбеков «Кабар» агенттигине билдиргендей, сапар дипломатиялык каналдар аркылуу натыйжалуу иштелип чыккан.

«Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги жана Финансы министрлиги менен кызматташуунун конкреттүү маселелери талкууланды. Тышкы саясат - бул аяр, сезимтал, ар тараптуу маселе. Ошондуктан, натыйжага жетишүү үчүн диалогду ырааттуу, салмактуу, прагматикалык, ызы-чуусуз жана пиарсыз жүргүзүү керек», - дейт Айдарбеков.

Пикир

Оставить комментарий