• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атада УКМК кызматкерлери үчүн 4 батирлүү үй пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.

2021-жылдын 4-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Батирлерди пайдаланууга берүү аземинде КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.А. Жумадылов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышты.

Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы “Бает Жаштары” ЖЧКсы жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий