• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылында аянты 18 чарчы метр турак үйдүн уктоочу бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында жыгач устунду шифер жабылган турак үйдүн 110 чарчы метр чатыры жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Каш-Терек айылында жыгач устунду шифер менен жабылган турак үйдүн 68 чарчы метр шыбы жана 24 чарчы метр бир бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Сары-Алтын айылында турак үйдүн 126 чарчы метр чатыры жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий