• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбеков Баткендеги Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун (КТБ) иши менен таанышты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алып, калкты тейлөөнү жакшыртуу жана жакшы шарт түзүү максатында жаңы имаратка көчүрүлүп, 2019-жылдын 1-июлунан тартып өз ишин жаны имаратта жүргүзө баштады. 2018-2019-жылдары Борбордогу бардык кызматтар автоматташтырылды. Жаңы имаратта жаран келип кайрылганда кеңири маалымат берүүдөн баштап автоматташтырылган система менен электрондук кезекке туруу, санариптик сүрөткө тартуу, паспортко кабыл алуу, убактылуу жана туруктуу каттоого туруу, жарандуулук алуу үчүн документтерди кабыл алуу, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу каттоого алуу кызматтары көрсөтүлөт.

Мамлекет башчысы Калкты тейлөө борборун көрүп, анын иштөө принциптери менен таанышып чыгып, мындагы процесстерди санариптештирүүнүн жакшы үлгүсүн, ал өлкөнү санариптештирүү Жылынын талаптарына толук жооп берерин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш процесстерин толук автоматташтыруу жана санариптештирүү бүт өлкө боюнча бардык мамлекеттик органдарды камтышы зарыл экенин баса белгиледи.

Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борбору 2015-жылдан бери иштейт. Анда 20 кызматкер эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий