• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы 28-декабрга жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Кышкы турсезондун расмий ачылышы 28-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Күтүлбөгөн кырдаалдарга жана “Ак-Түз” тоо лыжа базасында кардын жоктугуна байланыштуу 2019-2020-жылдардын кышкы турсезонунун расмий ачылышы 28-декабрга жылдырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми иш-чаранын программасы өзгөрүүсүз калат.

Иш-чаранын алкагында коноктор үчүн өнөктөштөрдөн баалуу байгелер коюлган конкурстар, оюн-зооктор жана эстафеталар уюштурулган. Андан тышкары, концерттик программа жана тоо лыжа жана сноуборддорду тебүү боюнча түшүндүрмөлөр өткөрүлөт.

Бардык каалоочулар үчүн Бишкектен атайын транспорт уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий