• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иманалиев: Президенттин Сауд Арабиясына визитинин негизги тематикасы экономикалык кызматташууну күчөтүү болду

Саясат 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабия Королдугуна расмий визитинин негизги тематикасы экономикалык кызматташууну күчөтүү болду. Бул инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы алакаларды жана байланыштарды күчөтүү маселелери. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы потенциал толук ишке ашырыла элек, Сауд Арабиясынан түз инвестицияларды тартуу боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр бар», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

Ал Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен Президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда Кыргыз-сауд экономикалык кызматташуу фондун түзүү сунушу айтылганын билдирди. Ушул эле маселе Сауд өнүктүрүү банкынын аткаруучу директору Халид С. Аль-Худайри менен да талкууланды.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар, анын ичинде Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолу, Түп-Кеген жолу менен бул трассаны байланыштыруучу Корумду айылынан Балбай айылына чейинки бөлүк боюнча да документтерге кол коюлду. Түп-Кеген жолу, белгилүү болгондой, негизги артериялардын бири болуп саналат жана келечекте Казакстан менен Кыргызстанды байланыштырат. Бул Ысык-Көл облусу менен жалпы өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», — деп баса белгиледи Данияр Иманалиев.

Дагы бир маанилүү документ катары айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча макулдашууну атады.

Мындан тышкары, энергетика, курулуш, транспорт боюнча бир катар долбоорлор жана Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланганын айтты.

Ислам банкы менен жолугушууда чакан жана орто бизнести колдоо чаралары каралды. ИӨБ менен Кыргызстандын ортосунда Стратегиялык кызматташуу боюнча өзүнчө долбоорду иштеп чыгуу сунушталды.

«Экономикалык кызматташуу боюнча Кыргызстанга да, Сауд Арабиясына да продукцияны өз ара ташууну өнүктүрүү жаатында сүйлөшүүлөр болду. Мында Сауд Арабиясы тарабынан кайра иштетилген айыл чарба продукциясына кызыгуусу чоң болууда, анткени тамак-аш коопсуздугу негизгилерден болуп саналат. Белгилүү болгондой, Сауд Арабиясы көп азык-түлүктөрдү башка өлкөлөрдөн импорттойт», — деп белгиледи Данияр Иманалиев.

Мындан тышкары эт, сүт азыктары жана башка айыл чарба продукциялары менен камсыздоонун потенциалын өстүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн авиакаттамдардын болушу маанилүү жагдай болуп саналат. Бул маселелер, өзгөчө карго жана авиа ташуулар, Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы түз каттамдарды жөнгө салуу маселелери дагы талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий