• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 1,2 миңге жакын мас айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылды

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда үч ай ичинде 1,2 миңге жакын мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тартып мас абалында унаа башкаргандардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, мас айдоочуларга 17 500 сом айып салуунун ордуна, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген.

Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, 8-марттан 31-майга чейин өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 1770 мас айдоочу аныкталып, анын ичинен 1200гө жакыны соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыраган. Калгандары соттун кароосунда. Андан сырткары, 100 айдоочу үч суткага соттун чечими менен камалган.

Эскерте кетсек, айрым беренелерге айып пулдардын жогорулатылгандыгынын себебинен жол эрежелеринин бузуунун баардык түрлөрү төмөндөп, анын ичинен мас абалында унаа башкаргандардын саны 46 пайызга азайган.

Пикир

Оставить комментарий