• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматовдун 90 жылдыгы: Немис актерлору “Жамиля” чыгармасын сахналаштырышты

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Күн мурун Нойенхаген (Германия) шаарында немис театр актерлору ойногон ”Жамиля” спектаклинин көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу КРнын Германиядагы элчилигинен кабарлашты.

Аталган спектакль улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып коюлган. Томас Рюман жана Тобиас Моргенштерндердин театрлаштырылган көргөзмөсү чет өлкөлүк окурмандардын Айтматовдун чыгармачылыгына болгон сый-урматтын үлгүсү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев спектаклдын жаратуучуларына жана маданий кеченин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, алардын улуу жазуучунун Германиядагы мурасынын сакталышында чоң ролун белгиледи.

Маданият үйүнүн директору Регина Зюсмут өз сөзүндө улуу жазуучунун дүйнө адабиятына кошкон салымын белгиледи.

Спектакль көрүүчүлөр арасында чоң кызуу жаратты. Спектаклди Нойенхаген шаарынын 400дөң ашуун көрүүчүлөрү көргөн.

Пикир

Оставить комментарий