• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Алматыда өтөт

Коом 0

Минск, 27.11.18. /Кабар/. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны 2019-жылдын башында Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Бул тууралуу кеңири курамда өтүп жаткан кеңешменин жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян билдирди.

"Биз Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны кийинки жылдын башында өтөт деп макулдаштык", - деди Саркисян.

Ошондой эле ал 2019-жылда ЕАЭБдеги төрагалык кылуу тараптын функциясы Россиядан Арменияга өтө тургандыгын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий