• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Ордо конушуна жаңы СИП-3 аба чубалгылары тартылууда

Коом 0

Бишкек, 06.11.23./Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук РЭТинин электр куроочулары тарабынан Ак-Ордо конушундагы керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн изоляцияланган СИП-3 аба чубалгылары тартылууда.

Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, энергетиктер Сокулук районунун Ак-Ордо конушуна 5 чакырымга жакын изоляцияланган СИП-3 аба чубалгыларын тартышты. Жалпы Ак-Ордо конушуна 23 чакырым изоляцияланган СИП аба чубалгылары тартылат.

Бул иштер Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан 2023-жылдын капиталдык курулуш жана кайра куруу иштеринин алкагында аткарылды жана керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий