• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында бир жумада 264 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.23./Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында 30-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта 18 миң 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 262;
  • мас абалында рулга отуруу — 264;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 922;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 781;
  • автоээнбаштык — 4;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 955;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 733;


Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 541 автоунаа айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий